Кочкордо эки аткаминер чекисттерге пара берип жаткан жеринен кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Нарындын Кочкор районуна караштуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Т. жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С. чекисттерге пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМК кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кара-Суу айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган. Аталган кызматкерлер бул кылмышты жабуу үчүн 16-августта чекисттерге жолугуп пара берген. Кармалгандар Нарын облустук милициясынын тергөө абагына киргизилди.
УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ала-Букада ири көлөмдө жыландын уусун сатууга аракет кылгандар кармалды. Видео