Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Үч милиция кызматкери кармалды

Кийин райондук сот алардын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бостеридеги 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ИИМдин атайын багыттагы полкунун үч милиция кызматкерине иш козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
Факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ИИМдин атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин райондук сот алардын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Тергөө амалдары уланууда.
Эске салсак, 6-августка караган түнү Бостеридеги "Золотые пески" пансионатынын аймагынан 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылган. Экспертизадан кийин милиция баланын талмасы кармап каза болгонун кабарлаган. Бирок маркумдун достору анын эч качан талма оорусу болбогонун белгилеп, тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышкан.
Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алгандан кийин тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн атайын ыкчам топ түзүлгөн. Кийин кылмышка шектелип төрт адам кармалган.
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Милиция акыры шектүүлөрдү тапты