Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык мурдагы чалгынчы Украина согуштан эки абалда гана чыгарын айтты

Ал Украина аскердик күчүн жайдын аягы, күздүн башында түгөтөт деген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Америкалык мурдагы чалгынчы Скотт Риттер Украина согуштан эки жол менен гана чыгат деген божомолун социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Жоготуулар жөнүндөгү маалыматтарды карап ойлонуп көрө турган болсок, Украина же капитуляция болот, же тындым болот деген эки вариант менен эле чектелүүдө", — деп жазды ал.
Риттер Daily Planet телеканалына курган маегинде Украина Куралдуу күчтөрү аскердик күчүн жоготконун, жаңжал соңуна келип калганын айткан.
"Украинанын аскердик күч топтоп алдыга жылууга чамасы жок. Биз азыр жаңжалдын соңку учурларын көрүп жатабыз. Мен кайрадан белгилеп айтайын, Украина аскердик күчүн жай мезгилинин аягында, күздүн башында түгөтөт", — деп билдиргенин РИА Новости таратты.
Буга чейин Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр аскердик абал учурундагы каза болгондор жана жабыркагандардын саны мамлекеттик сыр болорун айткан. Ал мындай маалыматты Россия алдыңкы пландарына колдонушу мүмкүн деп эсептейт.
Батыш чарчап бүттү. Украина колдоосуз калчудай...