БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документтин тексти "Эркин тоо" гезитине жарыяланды.
Маалыматка караганда, өзгөчө категориядагы эки мамлекеттик сыйлык негизделди. Алар ордендер менен медалдардан жогору турат. Андан жогору бир гана Кыргыз Республикасынын Баатыры жогорку даражадагы өзгөчө белгиси эсептелет.
Жаңы сыйлыктар боюнча кененирээк
Ата Мекен Баатыры өзгөчө белгиси
Ал укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана аскер кызматкерлерине ыйгарылат. Мындан тышкары, өмүрүнө коркунуч жаралган шартта суверендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоого, өлкөнүн коопсуздугун сактоого, адамдарды куткарууга жана кылмыштылуулук менен күрөшүүгө салым кошкон кыргызстандыктарга берилет. Ата Мекен Баатыры өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргызстандын ордендери менен медалдарынан жогору тагылат.
Эмгек Баатыры өзгөчө белгиси
Бул наам өлкөнүн социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүгүүсүнө, анын ичинде өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн, транспорт, курулуш, илим, маданият, билим, саламаттык сактоо жана башка тармактардын өнүгүшүнө салым кошкондорго ыйгарылат. Эмгек Баатыры өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргызстандын ордендери менен медалдарынан жогору тагылат.