Радио

Кермакунова: допингден улам Токио Олимпиадасына катышпай кала жаздаганбыз

"Улуттук допингге каршы борбору" дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова ири турнирде спортчунун организминен кызытма табылса өлкөнүн аброюна кедергисин тийгизип, рейтинги төмөндөп чоң чыгашаларга алып келерин айтты.
Sputnik
ЮНЕСКО тарабынан Кыргызстан чоң спорттун принциптерин бузушу мүмкүн өлкө катары эсептелип, Токио Олимпиадасына барбай калуу коркунучу болгон. 2020-жылы Улуттук антидопинг борбору негизделип, бардык тиешелүү документтерди убагында даярдап, ири мелдешке жол ачылган. Бул тууралуу Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан допинг-тесттердин жыйынтыгын алуу үчүн Катар жана Германиянын Дрезден шаарындагы лабораториялар менен кызматташат.
"Кыргызстан допингге байланыштуу бардык кыйын учурду башынан кечирди. ЮНЕСКО тарабынан Кыргызстан чоң спорттун принциптерин бузушу мүмкүн делип, шарттарды толук аткарбагандыгына байланыштуу кооптулук жараткан өлкө катары эсептелип Токио Олимпиадасына барбай калуу коркунучу болгон. 2020-жылы Улуттук антидопинг борбору негизделип, бардык тиешелүү документтерди убагында даярдап, ири мелдешке жол ачылган. Дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттиги (WADA) ар бир өлкөдөгү процесстерди дыкат карап, көзөмөлдөп турат. Эгерде ири турнирде спортчунун организминен кызытма табылса, өлкөнүн аброюна кедергисин тийгизип, рейтинги төмөндөп, чоң чыгашаларга да алып келет. Андыктан спорттук федерациялар да спортчуга дайыма эскертип, эрежелерди сактоого үндөп турат. Бизде допингдин жыйынтыгын аныктап, аны сактоочу лаборатория жоктугуна байланыштуу Катар жана Германиянын Дрезден шаарындагы лабораториялар менен кызматташабыз", — деди Кермакунова.
Ошондой эле адис спортчулардан алынган допинг-тесттердин жыйынтыгын лабораторияларда 10 жылга чейин сактоого болорун кошумчалады.