БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 20-август күнү Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (19-29-август аралыгында өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышат.
"Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.