Эң потенциалдуу союздаштары да альтернатива катары Кошмо Штаттар өзүнө кас санаган Москва менен Пекинди тандап жатканын белгилейт Ренат Абдуллин. Серепчинин ушул теманын тегерегиндеги кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Глобалдык бушаймандык"
Newsweek басылмасы Россия менен Ливандын ортосундагы алаканы талдаган материал чыгарды. Анын автору айткандай, "Кремль Жакынкы Чыгыштагы жогорулап бара жаткан таасиринен пайда алууга тымызын аракет жасады". Бул АКШ Украинадан башка бардык маанилүү тышкы саясий багыттарды таштап койгонуна байланыштуу. Бейрут менен жакындашуу Москва үчүн жаңы портторду, жаңы соода рынокторун ачып берүү болушу мүмкүн. Бул өз кезегинде Батыштын санкцияларынан кыйгап өтүүгө мүмкүндүк берерин белгилейт Newsweek колумнисти.
Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери Игорь Матвеев Россиянын биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, Ливандын энергетикалык сектору жана табигый ресурстарына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда Бейрут АКШнын түн уйкусун бөлүп турган Москванын жалгыз союздашы эмес. Россиянын Жакынкы Чыгыштагы активдүүлүгү Сирияда бекем орун алышы, Африка өлкөлөрү (Санкт-Петербургдагы жакындагы эле саммит муну айгинелеп койду окшойт) жана Перс булуңундагы мамлекеттер менен жакындашуусун камтыйт.
Ошол эле учурда АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Вашингтондогулар "Россия менен тыгыз аракет этүүнүн кооптуулугун баса белгилешерин" билдирген. "Анын (РФтин – ред.тактоосу) активдүүлүгүнө тынчсыздануубуз кайсы бир өлкөгө карата эмес, глобалдык мүнөздө", — деп кошумчалаган.
Булуңдагы монархиялар Байденге баш көтөрүп…
Бир апта мурун The New York Times гезити да Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы позицияларын жоготкону боюнча көлөмдүү материал жарыялаган эле. Көңүлдүн чордонунда Бириккен Араб Эмирлиги эле.
"Өз байлыгын эбегейсиз глобалдык таасирге айланткан Бириккен Араб Эмирлиги АКШнын тышкы саясатына, айрыкча, Россияны обочолонтуу жана Кытай менен байланышты чектөө жөнүндө кеп жүргөндө каршылыгын түк жашырган жок", — деп жазышат авторлор.
Шейх Мухаммед бен Заид — Американын чөлкөмдөгү негизги союздашы. Соңку жыл ичинде Владимир Путин менен кезигүү үчүн Россияга эки жолу каттады. Ал эми июнь айында Бириккен Араб Эмирлиги россиялык лидердин башкы инвестициялык форумуна да ардактуу мейман катары чакырылган (Петербург эл аралык экономикалык форум. — Ред. тактоосу)" – дейт басылма. Ал эми Кошмо Штаттарга шейх маселелер жаңыдан козголо баштаган 2017-жылдан тарта аяк баса элек. Мисалы, 2021-жылы Бириккен Араб Эмирлигинин F-35 истребителдерин сатып алуу жөнүндөгү келишими токтоп калган. "Америкалык система чындап эле сиздерге самаганыңарды береби?" — деп суроо салат өзүнө Мухаммед бен Заиддин дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаш.
Августта эмирликтин жана Кытай Аскер-аба күчтөрү алгач ирет биргелешкен машыгуу өткөрүүгө ниеттенүүдө. Болбосо мурда Бириккен Араб Эмирлиги коргонуу маселелеринде америкалык колдоого таянып келген. "Эл аралык түзүмдө сөзсүз эле көп полярдуу болбосо да кыйла өзгөрүлмөлүү дүйнөгө күбө болуп турабыз", — деген NYT басылмасына Гаргаш. Былтыр ал киши мындан да кескин түрдө – Батыш гегемониясынын "күнү бүтүп баратканын" билдиргенин белгилейт аталган америкалык басылма.
Америкалык талдоочулардын баамында, Бириккен Араб Эмирлиги, маңызында, "сценарий жазып коюшту", башкалар ошол чыйыр менен кетүүдө. Маселен, Сауд Арабия Королдугу да Вашингтондон жүзүн буруп бараткандай. Бул жеке мамилелерге да чагылууда, былтыр булуңдагы өлкөлөрдүн башчылары Байден менен телефон аркылуу баарлашуудан да, Батыш талап кылгандай, тышкы саясатын кайра карап чыгуудан да баш тартышканы маалым.
Жазында саудиялыктар Иран менен дипломатиялык алакаларды кайра калыбына келтирүү жөнүндө макулдашууга кол койгон. Болгондо да ошондо Кытай эки тарапка ортомчу болгон. Тегеранга кысымын токтотпой келе жаткан америкалыктар менен анда эсептешишкен да эмес.
АКШ өз таасиринен тайганы жалгыз Жакынкы Чыгышта гана байкалып жаткан жери жок. Вашингтон Латын Америкасындагы позицияларын да жоготууда. Россия, Иран менен мамилеси курчуй түшкөндө АКШ мунай маселелеринде Венесуэланын колдоосуна таянган. Боливариялык Республика көптөн бери америкалык санкциялар алдында келет. Акырындап аларды жоюу менен Ак үй венесуэлалык мунайды алууга үмүттөнгөн. Бирок оппозициялык саясатчы Хуан Гуайдого карата аракетинен майнап чыкпай президент Николас Мадуро бийлигин бекемдеп алды. Андай соодалашууларга барбай турганы да айдан ачык. Айрым батыш ишканалары республиканын аймагындагы мунай кенин казууга мүмкүнчүлүк алышты. Анткен менен АКШдагылар күткөндөй ымалалар жакшырып, жакындашып кетүү байкалбаганын белгилейт Венесуэла боюнча мурдагы америкалык атайын өкүл Эллиот Абрамс.
Россия, Кытай менен БРИКС уюмуна кирген Бразилия да азуусун көрсөтүп турган маалы. Жаңы шайланган президенти Лула да Силва башында турган Латын Америкасындагы бул мамлекет украиналык жаңжал боюнча бейтарап позицияны карманып, Пекин менен кызматташтыгын өрчүтүп, Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу мүчөсү болууга умтулууда. Мындай сценарийди ишке ашырууда вето укугун алган бразилиялыктар эл аралык деңгээлде америкалыктардын кызыкчылыгындагы чечимдерди кабыл алууда жаңы бөгөт боло алышат.
Баарынын көңүлүн калтырышты
Пикир келишпестиктер анчейин деле көп эмес деген жерде маселе чыга калбаспы. НАТО боюнча өнөктөшү Түркия бир топ жылдан бери тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүп, Россия тарапка ыктап жаткандай элес калтырат. АКШнын катаал риторикасы менен да, истребителдерди чыгаруу жана жабдуу боюнча программаларга тыюу менен да Анкарага таасир эте албай жатышат. Анан калса, азыр түрктөр мурдагыга караганда бир топ күчтүү позицияда. Түндүк атлантикалык альянстын келечеги президент Эрдогандын да колунда. Дал Түркия блокко Швециянын киришине каршылыгын көрсөткөнү белгилүү. Ак үй баарынан тегиз макулдук алуу утурумдук маселе экенине ынандырганы менен деле жылыш боло элек.
АКШын Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү "Инфляцияны азайтуу жөнүндөгү" мыйзамдан улам тынчы кетүүдө. Документ америкалык жашыл энергетика рыногундагы европалык ишканалардын укуктарын чектеп коет. Ушундай эле дооматтарын АКШнын азиялык өнөктөшү Түштүк Корея да коюуда. Америкалыктардын айынан Тайвандын тегерегинде курчуп бараткан жагдайдан улам кооптонгон Япония кырдаалды колго алууну чечти. Келерки айда, жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, Кытай менен жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн.
АКШ украиналык маселелерден дароо көп вектордук тышкы саясатка өтүшү мүмкүн эмес. Киевди колдоо — учурда америкалык саясий багыттардын бири. Анан да келерки жылдагы президенттик шайлоого билек түрө камынып калган убагы эмеспи. Мындай шартта Кошмо Штаттардан боюн ала качкан өлкөлөрдүн саны улам арта берет окшоп калды.