Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Конгресси Россияга каршы санкциялар кыйроого учураганын моюндады

Швейцариялык банктын докладына караганда, өткөн жылы көпчүлүк мамлекеттердин жашоо шарты төмөндөгөн. Ал эми Россияда, тескерисинче, 600 миллиард долларга өсүш байкалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШнын Республикалык партиясынын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Грин швейцариялык UBS банкы өлкөлөрдүн бакубаттуулугунун өсүшү тууралуу доклад чыгарып, Украинага финансылык каржылоо көрсөтүүдөн баш тартууга чакыргандан кийин Россияга каршы салынган санкциялар кыйроого учураганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"АКШнын санкциялары кыйрады. Украинага мындан ары эч кандай каражат берилбесин", — деди Грин.
Саясатчы Вашингтон Киевге 113 миллиард доллар бергенин, мындан тышкары, ай сайын бир миллиарддан жөнөтүп жатканын эске салды.
"Россия байып жатат, Америка болсо триллиондорго жакырланууда", — деди ал.
Буга чейин UBS банкы "Глобалдык бакубаттуулук жөнүндө" доклад жарыялаган. Андагы маалыматка караганда, өткөн жылы көпчүлүк мамлекеттердин жашоо шарты төмөндөгөн. Бул биринчи кезекте АКШга тиешелүү. Ал эми Россияда, тескерисинче, 600 миллиард долларга өсүш байкалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЦРУнун экс-серепчиси: АКШ Киевди жабдый албайт, декабрда кырдаал кыйындайт