Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде мушташ чыкты. Видео

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжал скутерге байланыштуу тутанган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде скутердин айдоочусу менен эс алуучулар ортосунда мушташ чыкты. Анын видеосу интернетке тарады.
Облустук милициядан маалымдашкандай, бул факт Ысык-Көл РИИБге катталды. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, мушташтын себептерин аныкташкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжал скутерге байланыштуу тутанган.
"Скутер иштеткендердин айтымында, жергиликтүү айылдардын биринен келген эс алуучу скутер тээп жатып аны катуу буруп жиберген. Мындан улам ал капталдап калган. Скутерди жээкке алып чыгышканда жүрбөй калган, кыймылдаткычына суу кирген деп болжолдоп жатышат. Эс алуучу акчасын төлөөдөн баш тарткандыктан алардын ортосундагы пикир келишпестик мушташка айланган", — дешти ОИИБден.
Тартип сакчылары окуя болгон жерге барганга чейин эс алуучулар кетип калышкан. Учурда мушташка катышкан эс алуучулардын аты-жөнү такталууда.
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Милиция акыры шектүүлөрдү тапты