17-августка карата аба ырайы

17-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +22...+27, ал эми Нарын районунда +23...+28 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +33...+35, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Августта күн кандай болот? Бир айдын аба ырайына божомол