Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Украинанын аскердик ресурсу дээрлик аягына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Согуштук аракеттердин алдын ала жыйынтыгы Украинанын аскердик ресурсу дээрлик түгөнүп жатканын көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясында билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Киевди колдоо урааны менен АКШ ушу тапта дүйнөнүн ар тарабындагы өнөктөштөрүнүн аскер арсеналын тазалап жатат. Бул үчүн Вашингтон Батыш өндүрүшүнөн чыккан техниканы жеңилдетилген шартта жеткирип берүүнү убадалоодо.
"Согуштук аракеттердин алдын ала жыйынтыгы Украинанын аскердик ресурсу дээрлик түгөнүп жатканын көрсөттү. Азыр рынок Американын аскер-өнөр жай комплексинин продукциясы үчүн тазаланууда. Бирок жаңы курал-жарак жана техника үчүн АКШга аз эмес акча төлөп, коопсуздук жаатында көз карандысыздыгынын кайсы бир бөлүгүн садага чабышы керек болот", — деди Шойгу.
Путин: Россия улуттук кызыкчылыгын көздөгөн бардык өлкө менен кызматташат