Ошто жолдорду жууп-тазалоочу унаалар алынды. Кандай иштээрин көрсөткөн видео

Үч функциялуу техника жолдорду шыпырып, чаңын соруп, суу сээп жууп кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы жергиликтүү бюджеттин жана өздүк каражатынын эсебинен заманбап жети атайын техника менен жабдууларды сатып алды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Калаа мэри Бакытбек Жетигенов жаңы техникаларды тапшырып, мындан ары да шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иштин сапатын да жакшыртарын белгилеген.
Анын ичинде үч функциялуу унаалар бар, алар өзү жолдорду шыпырып, чаңын соруп, суу сээп жууп кетет. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев "эми жашы улгайган эжелерибиздин ордуна ушул техникалар чоң жолдорду жууп, тазалайт", — деп жазды.
1 / 3

"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы жергиликтүү бюджеттин жана өздүк каражатынын эсебинен заманбап жети атайын техника менен жабдууларды сатып алды.

2 / 3

Калаа мэри Бакытбек Жетигенов жаңы техникаларды тапшырып, мындан ары да шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иштин сапатын да жакшыртарын белгилеген.

3 / 3

Анын ичинде үч функциялуу унаалар бар, алар өзү жолдорду шыпырып, чаңын соруп, суу сээп жууп кетет.

Сатып алынган техникалар:
көчөлөрдү жууп тазалоочу Dongfeng үлгүсүндөгү эки чаң соргуч автоунаа;
таштанды ташып чыгаруучу (6 куб метр сыйымдуулугу менен) Dongfeng үлгүсүндөгү эки машина;
бир тонналык жүк ташуучу эки электротрицикл;
таштанды чогултуучу бир электротрицикл;
көчө шыпыргычтар үчүн жабдуулары менен арабасы бар 30 таштанды чогултуучу контейнер;
көчө шыпыргычтар үчүн 100 даана таштанды тергич.
Кыргызстан жол курууга керектелген 265 жаңы техника сатып алды. Сүрөттөр