Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө 16-августта жарык өчөт. График

Энергетиктер зымдарды оңдоо, дарактарды бутоо жана башка пландык иштер менен алектенет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Эртең, шаршемби күнү, борбор калаанын айрым аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында "Бишкек электр тармактары" ишканасы билдирди.
Ишкананын адистери зымдарды оңдоо, дарактарды бутоо жана башка пландык иштер менен алектенет.
Жарык өчө турган аймактар:
9:00дөн 17:00гө чейин — Тынчтык проспектинин №58 турак жайы, Арча-Бешик конушу, Ак-Кула, Гагарин, Токтоналиев, Табалдиев, Жаманбаев, Худайбердиев, Жунусалиев, Шота Руставели, Балтагулов, 3-линия, Юдахин көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспекти;
9:30дан 17:00гө чейин — 5-кичи райондогу №49 турак жай;
9:30дан 18:00гө чейин — Коллектив, Аул, Баку, Элебесов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Кара-Жыгач конушу.
Пресс-борбор
Быйыл Кыргызстанда кайсы жерлер газдаштырылат