Бишкекте автобус, троллейбус айдаганга 1 500 айдоочу керек. Мэрия маянасын айтты

Эгер айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы жок болсо, муниципалитет өзү акысыз окутат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы автобус, троллейбустарга 1 500 айдоочу издеп жатат.
Бул жумушка 21ден 60 жашка чейинки айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы бар жарандар кабыл алынат. Эгер В, С категориясы гана болсо мэрия акысыз окутуп, D баскычына өткөрүп берет.
20-августтан тарта накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин айдоочулардын маянасы 50 миң сомду түзөрү белгиленди.
Байланыш номерлери: 0705 86-84-64, 0312 53-18-14; WhatsApp 0555 525 452.
Троллейбус паркы: 0(312) 657590, 0701 507 700.
Радио
Исмаилова: өлкөдө 12 миң 465 жумуш орду бош экени аныкталган