16-августка карата аба ырайы

16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Шаршембиде күндүз бийик тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Таласта +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарында +23...+28 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +27...+29, Чолпон-Атада +25...+27 жана Ош шаарында +31...+33 градусту көрсөтөт.
Радио
Күн катуу ысыганда эмнелерди эске алыш керек? Адистин жообу