Ирандагы мечитке террорчулар кол салды. Видео

Кадрларда террорчунун элди көздөй ок атканы көрүнүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Иран ЖМКлары Шираз шаарындагы Шахчерах мечитинин видеокамераларына түшүп калган террордук чабуулдун фрагменттерин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазган.
Окуя 13-август күнү кечинде болгон. Кадрлардан мечитте намаз окулуп, имарат ичинде эркектердин, аялдар, балдардын жүргөнүн көрүүгө болот. Бир аздан кийин эле башкы дарбазадан бет кап кийген террорчу чуркап кирип, автоматтан ок чыгара баштаган.
Мечиттин ичиндегилер башка эшиктерди көздөй качып жөнөшкөн, жерге жыгылгандары да бар. Камерага террорчунун огунан бир нече адам, ошондой эле коопсуздук кызматынын офицери да жабыркаганы түшүп калган.
Бул аталган мечитте болгон экинчи теракт. 2022-жылдын күз айларында иран ЖМКлары Шахчерах мечитине эки террорчу кол салып, натыйжада төрт кишинин каза болгонун, дагы сегизи ар кандай жаракат алганын жазган. Бирок андан кийин жергиликтүү бийлик кол салуудан бир киши каза тапты деген билдирүү тараткан.
Tasnim агенттигинин маалыматы боюнча, кол салгандардын бири тартип сакчылары тарабынан жок кылынып, экинчиси колго түшүрүлгөн.
Пакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды