Путин менен Эрдоган августтун аягында жолугушу мүмкүн

Дмитрий Песковдун айтымында, президенттер эки тараптуу мамилени, Украинадагы кырдаалды жана эгин келишимин талкуулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Түркия менен Россиянын өлкө башчылары августтун аягында жолугушу мүмкүн экенин түрк каналы AHaber жазды.
"Биз Владимир Путиндин Түркияга келишин күтүп жатабыз, бирок Режеп Эрдоган да Россияга барышы мүмкүн. Августтун этегинде, сентябрдын башында эки лидердин жеке жолугушуусу күтүлүүдө. Анда эгин келишими да талкууланмакчы", — деген телеканал.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эгинге муктаж Африка өлкөлөрү үчүн да маанилүү экендиги белгиленген.
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин журналисттерге Путин менен Эрдоган жолугуша турган жерди жана анын мөөнөтү жакынкы убакытта макулдашыларын билдирген. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде эки тараптуу мамилелер, Украинадагы кырдаал жана эгин келишими каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Эрдоган Путинге Украина боюнча ортомчу болууну сунуштайт