Чубак Сатаевге таланты апасынан оогон. Уулу Кубанычтын эскерүү маеги

"Түштүктүк кыз", "Арман ай", "Кайгырбачы кан досум" , "Кең дүйнө", "Ак бата" аттуу ырлардын автору Чубак Сатаев кезинде популярдуулуктун туу чокусуна жеткен. Өкүнүчтүүсү таланттын өмүрү кыска болду.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Чубак Сатаевдин уулу, ырчы Кубаныч Сатаев болду. Биз таланттуу инсандын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.
— Алгач атаңыздын үй-бүлөдөгү орду тууралуу сүйлөшөлүчү.
— Биз Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында чоңойдук. Атам да ошол айылда өстү. Илгертен орустар менен аралаш өсүп калгандыктан айылдаштарыбыз орус мүнөз, ушул убакка чейин футболду жакшы көрүшөт. Айыл аябай чоң, борбордук көчөгө жана клубга атамдын аты берилген. Стадионго да ысымы ыйгарылды. Талас шаарында да бир көчө бар. 2018-жылы эстелиги орнотулган.
Өзүбүз Алакчын уруусунан болобуз. Ажыке датка, айтылуу Бердике баатыр биздин бабаларыбыз. Борбордук Азия элдеринин менталитетинде үй-бүлөдө атанын орду чоң. Анын сыңары атам да биз үчүн ардактуу адам эле. Өзү мээримдүү болчу. Бизге дайыма кеңеш берип, багып-кагып өстүрдү. Уулу катары ал кишинин терс жактарын көргөн жокмун. Айрымдардай атак-даңкка, акчага көөп, аялына кол көтөрбөдү. Башында кандай кичи пейил, айкөл болсо, көзү өткөнчө бир калыпта жүрдү. Атамдын чыгармачылыгын баалаган адамдар да ушул сапатын көп айтып "Чубактын адамгерчилигин сыйлайбыз" деп эскеришет.
— Канча уул, канча кызды тарбиялады?
— Үй-бүлөдө үч эркекпиз. Мен Кубаныч, Бакыт анан Таалай. Иним Бакыт, тилекке каршы, алты жашында жол кырсыгынан көз жумган. Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес экен. Менин үч уулум, Таалайдын эки кыз, эки баласы бар. Атам тирүү болсо жети неберенин чоң атасы болуп, эркелетип жүрмөк экен.
— Учурда иниңиз да чыгармачылык менен алектенеби?
— Чыгармачылыкка баш оту менен кирген мен элемин, бирок иним да ырдайт. Ал азыр Таласта, айылда. Ата конуш дегендей атабыздын үйүн ээлеп калган. Апабыз Таласта кичүү баласынын колунда. Той-топурларда, райондук деңгээлдеги концерттерде ырдап чыгармачылыгы өсүп келе жатат. 10 жылдай ырдабай калды, бирок эми кайра жандантты.
певец Кубаныч Сатаев
— Атаңыз сизге кандай акыл-насаатын айтып калды?
— Насаатын айтканга жетишпеди, себеби жаш бойдон кетип калды. 33 жаш деген кырчындай кез да. Азыр ушул курактагы жигиттер жаш баладай эле ойноп-күлүп жүрбөйбү. Бирок атам кыска өмүрүндө 60 жыл жашагандай эле көп эмгектерди жасап кетиптир. Бизге улуу көрүнчү. Мына быйыл мен 42 жашка чыгам.
Бир ирет атам тамеки тартып жатканымды кармап калып "Тамеки тартпа, ал жакшы адат эмес. Экинчи көрбөйүн" деп айткан. Кол көтөргөн жок. Соңку кезде үйгө көп турбай калган. Себеби гастроль, той-топур көп болчу. Филармонияга бир айлап, циркке 18 күндөп концерт берген кездери болду. Гастролдорунда чогуу жүрүп калдым. Кичине болсом да бирге барып элес-булас эстеп калдым. Ошко 1990-жылы чогуу эрчите барган. Ошондо Ош жергесин көрүп, Сулайман-Тоого чыккам. Ошол кезде куудул Дөөлөт Мадымаевди, Рыспай Абдыкадыровду алгач ирет көрдүм. Эки күн Абдыкадыровдун үйүндө болуп, ал киши атама "уулумдай болуп калдың" деп аккордеон белек кылган. Азыр ал аккордеон бар, бирок ойноого жарабай калды.
— Демек, балачактан эле атаңыз менен бирге жүрүп чыгармачылыкка жакын болуп калган турбайсыздарбы?
— Биздин айлана-чөйрө чыгармачыл адамдар менен курчалды. Бул тармакка жолобогонго мүмкүн эмес болчу. Гастролдон келгенде дайыма ырчы, музыканттар үйгө келип түнөп калышчу.
Негизинен үйдө улуу баласы болгондуктан атама караганда чоң атамдардын тарбиясын көп көрдүм. Ошол кишилер мага эмнегедир жакын болду. Атам өзү деле мени "бул Калдыбай менен Бурулдун баласы" деп ата-энесинин атын айтып койчу. Атам менен апамды жеңем менен байкемдей эле көрдүм. Чоң апам китепти көп окуган кыраакы адам эле. Алар мени жөнөкөй, элпек болууга үйрөтүштү.
Экинчи жубайын кичүү кызы "тапкан". Орозбек Кутманалиевди эскерүү
— Чубак Сатаевдин чыгармачылыкка келишине апасы таасир эткен дешет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— 100 пайыз чындыгы бар. Таланты тайларынан өткөн. Чоң атам чыгармачылыкка такыр тиешеси жок адам болгон. Ал киши ырдай да алган эмес. Үй-бүлөдө чоң апам жамакчы, ыр жазат жана ырдайт. Санжыра да айтып кетчү. Өзү Таластын жогору жагындагы Суусамырга жакын жайлоодо чоңойгон таза кыргыз. Мал багып, ат минип, кымыз ичип өскөн кыз. Атамдын ырларында да кыргыз жыттанган, нукура колорит бар. Чоң таятабыз кадимки Токтогул Сатылганов менен дос болуптур. Улуу талант эл аралап келип калганда таятамдын үйүнө конуп, чоң таенебиз залкар таланттын колуна суу даярдап, чайын берип, төшөгүн салат. Кийин таенелерибиз "Токтогул атактуу болуп кетерин кайдан билиптирмин" деп күлүп эскерип калчу экен.
— "Атак-даңк" деп калдыңыз, Чубак Сатаевдин уулу болуштун өзү кандай?
— Оор. Көбү эле "Атаң мындай киши эле, андай киши эле. Сен андай болбой калдың" деп салыштырат. Аларга "мени атама салыштырбагыла. Ал кишинин чыгармачылык өз орду, менин өз жолум бар" дейм. Атам басып-турганда жанында 10-15 киши ээрчип жүрчү. Адамды өзүнө тартып турган жылдыздуу адамдар болот, атам ошондой эле. Совет мезгилинде адамдар да башкача ток пейил болгон да. Азыркыдай жулунуп, кызматты, байлыкты ойлошкон эмес. Баарынын кызматы, мамлекет алдында милдети болгон. Атам деле ал кезде эч нерсени ойлобой, дипломат-дипломат акчаларды чачып, ичип-жеп эле жүргөн да. Жакшы жери ал кезде көңүл, адамгерчилик биринчи орунда турган. Адамдардын ниети таза болгону үчүн артында жүрөктөн чыккан аруу, таза обондор калды. Азыр карап турсаң эптеп акча таап алууну көздөгөн коммерциялык обондор жайнайт.
— Чубак Сатаевди эл мыкты талант жана шайыр адам катары тааныйт. Үйдө өзүн кандай алып жүрчү эле?
— Атам үйдө өзүн абдан олуттуу алып жүрчү. Көп да сүйлөчү эмес. Сыртта эл менен тамашалашып сүйлөшүп, шайыр болчу.
певец Кубаныч Сатаев
— Үйгө кайсы атактуу инсандар көп келчү эле?
— Мен эс тарткандан үйгө шылдыракчы Каныбек Мамбетов, Болот Алыкулов, Борончу Кудайбергенов, Абидин Темиров көп келди. Негизи кыргыздар убагында баалабай, кийин ойлонуп калат эмеспизби. Азыр тирүү болсо атам андан да жакшы обондорду жаратып, атагы дагы артмак.
Атам туугандарга да карамдуу эле. Бир ирет жаңы жылдын алдында машинанын багажына коробка толо банан, индия чайларын, конфеттин түрүн жүктөп барып туугандарга таратып куттуктаган эле. Үйгө түстүү телевизор алып келген. Чыр-чатакты жаман көрчү. Эч ким менен урушкан эмес. Анан эмгекчил эле. Айылда жүргөндө деле бир убакта 3-4 жерде иштечү.
— Атаңызды жана сизди тааныткан "Түштүктүк кыз" ырынын тарых-таржымалына кайрылып кетсеңиз. Кандайча жаралып калган?
— Атам бул ырдын үстүнөн эки жылдай иштеди. Өзгөчө баш жагын аябай ийледи. Шаңдуу болушу үчүн чыгыш элементтерин кошуп, абдан изденди. Биринчи ырдап чыкканда башкачараак болчу. Кийин кайрыктарын оңдоду. Бул ырдын авторун атамдын көзү өтүп кеткенден кийин таптым. Токтогулдук Алишер Иметкуловдун тексти экен. Ал киши атама чейин эле өтүп кетиптир. Бир ирет радиодо түз эфирде отурсам, "сиз бул ырды оштук байкенин ыры экен" деп айтат экенсиз. Ал туура эмес. Ыр менин атамдыкы" деп Алишер Иметкуловдун кызы чалып калды. Ошентип эфирден кийин сүйлөштүк. Атам кичинекей китепчеден "Түштүктүк карындашыма" деген ырдын текстин таап алып оңдоп чыккан. 1993-жылы Таластагы концертте бул ырды ырдап телевидениеге тартылып калган. Ошондо Sony деген видеокамералар жаңы чыккан. Талас телерадиокомпаниясында Анарбек Мойноков деген режиссёр байке бар эле. Ал да кудай жалгап, "кой, Чуке, такыр эле телевидениеден качып жүрө бересиңби" деп болбой тартат. Атам телевидение, радио, гезит дегендин "кереги жок, бир жылда бир чыксам жетет" деп каччу. Пиарды жактырчу эмес. Ошондо негедир "макул" болуптур. Кетерин билгендей Таластын борборундагы комбинаттын жанынан да тартылып, элге жетпей калган бир катар ырларын аткарып бериптир. Ошондон эки күн өтүп эле каза болуп калбадыбы.
певец Кубаныч Сатаев
— Чубак Сатаевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн эскерип бере аласызбы?
— Өмүрүнүн акыры өкүнүчтү болуп калды. Себеби союз тарап, эл кыйчалыш мезгилге туш келди. Жумушсуз, баш-аягын жыя албаган эл концерт эмес өз атын таппай турду. Мен да чет-четин көрүп калдым. Акча алмашып кетти. Жетим баладай томсоргон калк концертке деле көп маани бербей, атамдын иши жакшы жүрбөдү. Ошол кезде Таласта акыркы гастролунда жүргөн атам кетерин билгендей эле насаат кептерин айтып жатты. Концерттен кийин "башым" деп калчу. Ага чейин эки-үч жолу авария болуп мээси чайкалып калган. Бирок ден соолугун карап, текшерилген эмес. Акыры концерттин алдындагы репетицияда катуу жыгылып, үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатып көзү өтүп кетти. Атак-даңктын, гастролдун күүсү менен жүрө берип өзүн карабаптыр. Кичинесинде да жол кырсыгына кабылып, кийин Токтогулда болгон авариядан кийин дарыгерлер "бутун кесебиз" деп чыгып, Калык деген таластык байкебиз бутун сактап калган.
— Атаңыздан сизге кандай мурас калды?
— Атам байлыкка кызыкпаган киши болгондуктан эч кандай мүлк калган жок. Эң кымбаты мага ырлары, аты калды. Азыр ырларын ырдап, Чубак Сатаевдин уулу катары сый көрүп, ийгиликке жетишип келе жатам. Ырларынын баары мураскор катары мага катталган. Ал үчүн гонорар алып турам. Ырларын менден сурашат.
Атам өмүр бою китепке кызмат кылды. Кемел Бакашовдун кызы менен маек