Астанада 15 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Видео

Ал 2008-жылы башка бирөөнүн ишенимине кирип уюлдук телефондорду алып алганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Астанада 15 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Казакстандын ИИМинин Telegram-каналы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы киши Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн.
Ал 2008-жылы башка бирөөнүн ишенимине кирип уюлдук телефондорду алып алганы айтылат.
Учурда ал Астанадагы полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайында отурат. Кыргызстанга экстрадиция кылуу каралууда.
Чет өлкөдө соттолгон 38 кыргызстандык кайтарылат. Прокурор экстрадиция тууралуу