БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиянын атайын операциясы башталгандан бери Киев 150 миңден ашуун жоокерин жоготкондугун New York Times гезити жазды.
"Батыштын аткаминерлери менен аналитиктеринин эсеби боюнча, 150 миңден ашуун украин жоокери набыт же жарадар болду. Аскердик кызматтан качууга аракет кылган украиналыктардын саны өсүүдө", — деп жазган басылма.
Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган. Анткен менен негизги сокку Запорожье фронтуна урулган болчу. РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
4-августта Россиянын Коргоо министрлиги Украина июнь-июль айларындагы контрчабуул башталгандан бери 43 миңден ашык кишисин жана 4900дөн ашуун курал-жарагын жоготконун билдирген.