Мэрия: Бишкекте троллейбустар линияга чыкты, пикир келишпестик жоюлду

Айдоочулар эки күн нааразычылык акциясына чыгып айлыгын көтөрүүнү талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкекте троллейбустар линияга чыкканын калаа мэриясынан билдиришти.
"Айдоочулар менен болгон пикир келишпестик чечилди. Бүгүн 121 троллейбус линияга чыгат", — деп билдирди мэрия.
Эске салсак, айдоочулар айлыгын көтөрүү талабы менен эки күн нааразычылык акциясына чыгып иш таштаган. Алар орто эсеп менен 22 миң сом маяна алат. Бул акча эч нерсеге жетпей жатканына нааразы болгон айдоочулар айлыгын 70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Кечээ Троллейбус башкармалыгы августтан тарта маяна расмий түрдө 50 миң сом болорун, бирок салык жана Соцфондго чегерүүдөн кийин жумушчулардын колуна 40 миң тиерин кабарлады. Кээ бир айдоочулар бул дагы аз экенин айтып, иштен кетүүгө камынып калышкан. Ал эми кечээ кечинде троллейбустардын линиясынын ордуна маршруткалар иштеген.
Мэрия: кытайлык жаңы автобустар 15-сентябрга чейин линияга чыгат