Жаңы мыйзамдан кийин Кыргызстанда жаштардын саны канчага көбөйгөнү айтылды

Чет өлкөгө миграцияга кеткен кыргызстандыктардын 37 пайызы жаштар.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жыл сайын дүйнө жүзүндө 12-августта жаштар майрамы белгиленет, бул күнгө карата Улуттук статистика комитети жаштар тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Кыргызстанда жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, 14төн 35 жашка чейинки курактагылар жаштар категориясына кирет. 2023-жылдын башына карата жаштардын саны 2 миллион 439 миңди же калктын 35 пайызын түзгөн. Анын 1 миллион 221 миңи (50,1 пайыз) эркектер, 1 миллион 218 миңи (49,9 пайыз) кыз-келиндер. Жаштардын көбү Бишкек, Ош шаарларында жашайт, ал эми Чүй менен Баткенде аз экени айтылды.
Белгилей кетсек, мурда 14төн 28 жашка чейинкилер жаш деп эсептелчү. Мындай курактагылар 2022-жылы ушул маалда 1 миллион 593 миң болгон же калктын 24 пайызын түзгөн.
Ошол эле учурда миграцияга кеткен кыргызстандыктардын 37 пайызы жаштар экени жазылган.
Азыркы тапта дүйнөдө 15 жаштан 24 жашка чейинки 1,2 миллиард адам бар, бул жер жүзүндөгү калктын 16 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин жаштардын саны 7 пайызга көбөйүп, дээрлик 1,3 миллиард адамга жетет деп болжолдонууда.
Радио
Министр: жаштар менен иштөөгө бөлүнгөн каражат 10 эсе өстү