УКМК: милиционербиз деп элди алдап жүргөндөр кармалды. Видео

Учурда алардын шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өздөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкери катары тааныштырып элден акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында алты адамдан турган топ кармалды.
"Алар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырышкан. Бир кызды кылмыш жоопкерчилигине тартып, интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп коркутуп 300 миң сом талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
8-августта бул иш боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылган.
Учурда алардын шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандар (0312) 66-04-75 телефондоруна чалып билдире алышат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
Бостеридеги жигиттин өлүмү. Милиция аларга карата шек саноого жооп кайтарды