Туура уктоо менен арыктаса болот. Диетологдун түшүндүрмөсү

Адам түндө уктап жатканда соматотропин гормону иштелип чыгат. Бул гормон балдардын, өспүрүмдөрдүн чоңоюшун шарттаса, чоң адамдардын организмин калыбына келтирип, майларын эритет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түнкүсүн адамдын организминде майларды эритүүчү гормон иштелип чыгат. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог Елена Соломатина айтып берди.
Соломатина уйкунун айрым эрежелерин сактоо менен анын эффективдүүлүгүн жогорулатса болорун белгиледи. Айтымында, балдар уктап жатканда өсөт, чоңоёт.
"Адам түндө уктап жатканда соматотропин гормону иштелип чыгат. Балдарда, өспүрүмдөрдө алардын чоңоюшун, өсүшүн шарттаса, чоң адамдардын организмин калыбына келтирип, майларын эритет. Бул маанилүү гормондордун бири", – деди Елена Соломатина.
Бирок ички органдардын тазалануу жана калыбына келүү механизми туура иштеши үчүн адам өз убагында укташы керек.
"Соматотропин гормону уйку гормонунан кийин иштей баштайт, бул убакыт саат 23:30дан баштап 03:00гө чейинки аралык. Түнкү уйкунун адамдын ден соолугуна тийгизген таасири чоң. Ошондуктан адам күндүз канча көп уктаса да түнү уктагандай эс ала албайт", – деп белгиледи диетолог.
Дарыгер гормон тиешелүү деңгээлде иштелип чыгышы үчүн түнкүсүн оор тамактарды жебеш керектигин айтат. Уктаар алдында камыр тамак, таттуу жана башка углеводу көп азыктарды жеп алганда организм энергияны корото албай, ашыкча углеводдорду майга айландырарын түшүндүрдү.
Уйку жакшы каныш үчүн 7-8 саат уктоо зарыл эмес. Сомнологдун түшүндүрмөсү