Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, 12-14-августта өзгөрмөлүү аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.
ӨКМ селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, суу өтүүчү каналдарды тазалоону сунуштады.
Түптүн дагы үч айылында катуу сел жүрдү. Видео