Ошто арматура менен сабалган Коён бассейндеги жигитке бычак урган деп кармалды

Шектүү мурда бир нече ирет соттолгону белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кылмыштуу чөйрөдө Коён каймана аты менен белгилүү Н.М. аттуу жаран Ош шаарындагы бассейнде отурган жаранга бычак урууга шектелип кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 22-июль күнү болжол менен саат 21.30 чамасында Ош шаардык ооруканасына 22 жаштагы жаран жараат алып кайрылган. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине берген өз көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жатып белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кеткендигин, анан ал бычагы менен бел тарабына сайып качканын айткан.
Бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунда туулган, калаада убактылуу жашап жаткан 28 жаштагы Н. М. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жана кылмыш чөйрөсүндө Коён деген ат менен белгилүү экени аныкталган.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.
Бишкектин чок ортосундагы атышуу: иш козголуп, экөө кармалды