Мэрия: кытайлык жаңы автобустар 15-сентябрга чейин линияга чыгат

Буга чейин газ менен жүргөн 1000 автобус жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кытайдан келген жаңы автобустар 15-сентябрга чейин линияга чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Муниципалитет белгилегендей, биринчи партияда жүргүнчү ташыган 50 автобус келет.
"Жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгат. Мындан тышкары, Zhong Tong Bus компаниясы менен макулдашылган графикке ылайык, жыл соңуна чейин дагы 450 автобустун жеткирилиши күтүлүүдө. Калган 500ү 2024-жылдын I кварталында жеткирилет", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин газ менен жүргөн 1000 автобус жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган. Бул нерсе коомдук транспорттун паркын жаңылоо үчүн жасалып жатат.
Радио
Бишкекте 59 миң пенсионер, 11 миң окуучу "Тулпар" картасын алды