ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 10,7%га азайды

Кыргызстанда жыл башынан бери жумушсуздук беш пайызга азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 2023-жылдын июнь аягына карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө 916,8 миң адам жумушсуз деп расмий катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7 пайызга аз экендиги Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында жазылган.
Учурда жумушсуздардын саны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы жумушчу күчүнүн 1 пайызын түзөт (былтыр 1,1 пайыз болчу).
Ал эми Кыргызстанда жумушсуздардын саны июль айына карата беш пайызга азайган. Иш менен камсыз болгон кыргызстандыктардын көбөйгөнү Баткенде (28,7 пайыз), Чүйдө (25,3 пайыз), Таласта жана Ошто (21 пайыз) байкалган.
Радио
Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт