Өзүнө ишенбеген адамды тааныткан 5 адат

Психолог баарлашууда тартынбаш керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүнө ишенбеген адамды кайсы белгилеринен билсе болорун психолог Екатерина Бугрова "Известия" басылмасына берген маегинде айтып берди.
Анын айтымында, көзгө түз кароодон жалтануу, беттин кызарып чыгышы, сүйлөмдөрдөн чаташуу, колу-бутту кайчылаштыруу, эрин, бармак, калем сапты тиштөө адамдын өзүнө болгон ишеними төмөн экендигинен кабар берет.
"Баарлашуу учурунда алар "мен туура айттымбы", "алар мен жөнүндө эмне деп ойлошот" деген шектенүүлөрүнөн адашып, адамдын көзүнө түз кароодон качат. Ошентип жатып оюн бир жерге топтой албай кыйналат", — деген психолог.
Адис сүйлөшүп жатканда адам өзүнө болгон ишенимин көрсөтүшү зарыл экендигин айткан. Колу-бутту артка катуунун, көздү ала качуунун кажети жок. Бир нерсени кармалап же кийимди кайра-кайра түздөөдөн дагы алыс болуу кажет.
Кайрадан таз кейпиме түшкөндөн корком. Ичип кеткенден чочулаган аялдын каты