Борбор Азиянын аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү. Инфографика

Региондогу авиакомпаниялар шашылыш жаңы учактарды сатып алып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Борбор Азия аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Буга батыштын россиялык авиакомпанияларга киргизген санкциялары менен дүйнөлүк каттамдардын өзгөрүшү себеп экенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жазып, инфографикасын жарыялады.
Маалыматта учурда региондогу авиакомпаниялар шашылыш жаңы учактарды сатып алып жатканы жана учкучтарга чоң муктаждык жаралганы айтылат.
Канал Өзбекстанды мисалга келтирген. Жүргүнчү санынын көбөйүшүнө өлкөдөгү туризм багытынын өнүгүшү жана аэропорттордун инфраструктурасынын жакшырышы да өбөлгө болгону белгиленди.
"Апрель айында Ташкентте учактардын бардык түрүн кабыл ала турган жаңы учуп-конуучу тилке ишке кирген. Анжияндын аба майданы реконструкцияланып жатат. Мындан тышкары, Бухара, Үргөнч жана Намангандын аэропортторун жаңылоо пландаштырылган", — деп айтылат маалыматта.
Буга кошумча жаңы авиакомпаниялар, стартаптар түзүлүп жатканы, көбү лоукостко (арзан авиабилет саткан компаниялар) басым жасап жатканы белгиленген.
2021-жылдагыдан эки эсе көп. Былтыр Кыргызстанга 7 млн. чет элдик келди