Балыкчылык киши Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты. Сүрөт

Таштан Иманов эч кыйналбай барып келгенин, эртең мененки алтыдан кечки тогузга чейин жол жүрүп отурганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү үч күндө велосипед менен айланып чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иманов 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыккан. Ал бүгүн, 10-августта, Балыкчыга кайтып келди.
1 / 5

Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү үч күндө велосипед менен айланып чыкты.

2 / 5

Иманов 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыккан.

3 / 5

Ал бүгүн, 10-августта, Балыкчыга кайтып келди.

4 / 5

Милициянын көчмө кабылдама унаасы жана жакындары Таштан Имановду шаардын кире беришинен бери коштоп келишти.

5 / 5

Санаалаштары аны аман-эсен кайтып келиши менен куттуктап, жылуу тосуп алышты.

Милициянын көчмө кабылдама унаасы жана жакындары Таштан Имановду шаардын кире беришинен бери коштоп келишти. Санаалаштары аны аман-эсен кайтып келиши менен куттуктап, жылуу тосуп алышты.
Таштан Иманов эч кыйналбай барып келгенин, эртең мененки алтыдан кечки тогузга чейин жол жүрүп отурганын айтты. Жолдо баратканда мейманканалардан, боз үйлөрдөн "тамактанып алыңыз" деген сунуштар түшүп турганын билдирди.
Таштан Иманов көлдү ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, аларга үлгү көрсөтүү максатында айланганын белгиледи. Ал эмдиги жылы велосипед менен ажылык сапарга барууну дагы ниет кылууда.
Абышка буга чейин "Кама" үлгүсүндөгү велосипеди менен Тоң районундагы Туз-Көлгө сегиз саатта барып келген. Мындан улам көлдү айланып чыгуу ою пайда болгон.
Таштан Иманов учурда ардактуу эс алуудагы пенсионер. Мурда темир устачылык менен алектенчү.
Пресс-борбор
"Мейкин Азиянын" уюштуруучулары: Кыргызстанды дүйнө жүзү тааныйт