Япония өзөктүк бомбаны өлкөгө ким таштаганы тууралуу ооз ача албай койду

1945-жылдын август айында америкалык пилоттор Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына өзөктүк бомба таштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Япон саясатчылары менен БУУнун башкы катчысынын Хиросимага өзөктүк бомбаны ким таштаганын "унутуп" калышы — алардын Америкадан корккондугунан кабар берет. Бул тууралуу РИА Новостиге АКШ сенатына Нью-Йорк боюнча талапкер Дайан Сэйр билдирди.
Жекшембиде Японияда 1945-жылы Хиросиманы бомбалоодон курман болгондор эскерилди. Иш-чарага катышкан япон саясатчылары бомбаны Америка таштаганы тууралуу ооз ачышкан эмес. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш дагы өз кайрылуусунда канчалаган адамдын өлүмүнө ким жоопкер экенин айткан жок.
"Менин пикирим боюнча, алар коркуп коюшту. АКШнын реакциясынан, колдонуп коюшу мүмкүн болгон рычагдарынан чочулашты", — деди ал.
Саясатчы анткен менен рычагдар азайгандан азайып бара жатканын белгиледи.
"Көпчүлүк дүйнөлүк лидерлер, айрыкча Африка мамлекеттеринин буга көзү жетти. Ошондуктан анчалык коркпой калышты", — деди ал.
1945-жылдын август айында америкалык пилоттор Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына өзөктүк бомбаларды таштаган. Анын кесепетинен Хиросимада 140 миң адам, Нагасакиде 74 миң киши курман болгон. Алардын көбү жай тургундар эле. 6 жана 9-августтагы трагедиялуу окуянын жылдыгын эскерүү үчүн Хиросима менен Нагасакиде жыл сайын "Тынчтык иш-чарасы" өтүп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинаны басып кирүүгө даярбы? Абалга сереп