Талас медициналык колледжинин директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Окуу жайдын директору башка кызмат адамдары менен биргеликте студенттерди кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуп, абитуриенттерге тесттин алдын ала даярдалган туура жоопторун акчага берип турушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Талас облусунда 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында директор жана аталган колледждин башка кызматкерлери окуунун бюджеттик жана контракттык түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алып жүргөнү аныкталган.
“Жогорудагы адамдар кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолоруна алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды издөө иштери жүрүп жатат.
Бостеридеги 23 жаштагы баланын өлүмү боюнча максаттуу тергөө тобу түзүлдү