ТИМ: Сергиев Посаддагы жарылуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок

Соңку маалыматтар боюнча, 43 адам жабыркады. Алты киши реанимацияда жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасында болгон жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалымат Россиянын компетенттүү мамлекеттик органдарынан алынган. Министрлик абалга көз салууну улантууда.
РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, жарылуу бүгүн, 9-августта, болгон. Окуя Москванын четинде жайгашкан Загорск оптика-механикалык заводдо болгон. Анда башка компания ижарага алып пиротехника сактаган кампада жарылуу катталган. Мамлекеттик Думанын Сергиев Посад шайлоо округу боюнча депутаты Сергей Пахомов кырсык техникалык процесстен кеткен мүчүлүштүктөн улам келип чыкканын айтты.
Соңку маалыматтар боюнча, 43 адам жабыркады. Алты киши реанимацияда жатат. Алар күйүк алып, баш сөөгү жабыркаган. Дагы 22 адам травматология бөлүмүнө жеткирилген. Калгандары сыныктардан жаракат алган, абалдары орто. Уранды астында дагы беш киши болушу мүмкүн экени айтылды.
Пакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды