БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн, тагыраагы, арпа, буудай, күрүч жана сулуну экспорттоого 2023-жылдын аягына чейин тыюу салуу сунушталууда. Бул жаатта атайын токтом долбоору даярдалганын Айыл чарба министрлигинен кабарлады.
Күндүн өтө ысып, жаан-чачындын аз болушу жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин үзгүлтүккө учуратканы, ал эми бул тоют даярдай турган өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн төмөндөткөнү айтылды.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алынган ыкчам маалыматтарды талдай келгенде, мындай абал малга кышкы тоют даярдоого терс таасирин тийгизери белгиленген.
"Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн тышка ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү республиканын ички азык-түлүк рыногунда абалды белгилүү бир деңгээлде турукташтырат, фермердик чарбалардын ишине оң таасирин берет. Ички рынокто чөптүн жана башка тоют өсүмдүктөрүнүн тартыштыгынын жана баанын өсүшүн алдын алат, бул республиканын азык-түлүк коопсуздугуна да таасирин тийгизет", — деп айтылган маалыматта.
Министрлик жогоруда белгиленген өсүмдүктөргө Евразия экономикалык биримдиктин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынганын белгиледи.