Сулайман Күчүковдун татаал жолу тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Назарбек Түнтеев айтып берди. Кыргызстандын аскердик тарыхы боюнча адис 1918-1919-жылдардагы кыргыз ыктыярчылардын отряддары тууралуу да баяндады.
1980-жылдары Түнтеев Москвадагы Советтик Армиянын архивинен 20-кылымдын башындагы кыргыз элинин аскердик тарыхын изилдеп, "Красные кавалеристы Кыргызстана" аттуу китеп жазган.
"1984-жылы Москвадагы Советтик Армиянын архивинде 53-кыргыз атчандар полкунун тарыхын изилдегем. Ошондо документтердин арасынан кыргыздын ичинен чыккан алгачкы офицер Сулайман Күчүковдун өмүр баянын көрдүм. Сулайман Күчүков кыргыздын ичинен алгачкы атайын билим алган офицер. Ал 1889-жылы Наманган уездинин Үч-Коргон айылында төрөлгөн, уруусу кыпчак. 1911-жылы Күчүков Оренбург шаарындагы Неплюев аскердик корпусуна өтүп, аны 1914-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Түркстан жөө аткычтар полку менен Биринчи дүйнөлүк согушка аттанат. Боордошубуз кан майданда далай эрдик көрсөтүп, сыйланат. Күчүков бир кандуу кагылышууда генералдын сөөгүн алып чыгат. Ал генерал Россиянын падышасы Николай IIнин тууганы экен. Күчүковдун эрдигине таң калган Улуу Британиянын элчиси аны Англиянын аскердик жогорку сыйлыгы менен сыйлайт. 1919-жылы ал биринчи Кара кыргыз атчандар полкун түзүп, басмачыларга кошулат. Бирок бир аз убакыттан кийин Күчүков большевиктердин катарына өтөт да Кеңеш өкмөтүнө жан дили менен кызмат кылат. Бирок анын өмүрү кыска болуп калды. Ошол мезгилде азыркы Кыргызстандын ар аймактарында ыктыярчылардын отряддары түзүлөт. Алардын арасында манасчы Саякбай Каралаев, Бөлтүрүк балбан да бар эле. Булар Совет бийлигинин душмандарына каршы күрөштү", — деди Түнтеев.
Тема боюнча: