Аскердик кабарчылардын эл аралык сынагына эмгектерди тапшыруу башталды

Сыйлыкка ээ болгон журналисттер 200 миң рубль байге алат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Russia Today телеканалы жыл сайын өтүүчү Khaled Alkhateb International Memorial Awards сынагына эмгектерди кабыл алууну баштады.
Бул жаңжал чыккан аймактарда иштеген журналисттерге сыйлык ыйгарган эл аралык конкурс. Ал 2017-жылдын 30-июнунда Сирияда каза болгон RT Arabic телеканалы менен кызматташкан журналист Халед аль-Хатыбдын элесине арналып негизделген.
Сыйлык төмөнкү категорияда берилмекчи:
"Чатак болгон аймактан жасалган мыкты эмгек" — куралдуу жаңжалдар жана анын кесепети тууралуу материалдар;
"Мыкты эмгек: гуманитардык миссия" — чатак болгон аймакта жүрүп качкындарга, жай жарандарга, шаардын калыбына келишине, тынч жашоого кайтууга жардамдашкандар тууралуу баяндар.
Khaled Alkhateb International Memorial Awards 2023 сыйлыгына ээ болгондор 200 миң рубль байге алат.
Катышуу үчүн арызды сайтына берсе болот. Эмгектер жазуу жана видеоформатта кабыл алынат.
Алгачкы жылдары сыйлык Ирак, Ирландия жана Сингапурдун журналисттерине ыйгарылган. 2019-жылы байге үчүн 25 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан. Сирия, Ирак жана Ливиядагы согуштарды чагылдырган Россиянын, АКШнын, Италиянын жана Индиянын журналисттери сыйлыктын лауреаттары болушкан. 2020-жылы RT сыйлыгын Россиянын, Сириянын жана Индиянын аскердик корреспонденттери алышкан.
Мыктыларды аныктоочу калыстар тобунун курамына белгилүү чет элдик жана россиялык журналисттер кирген, алардын катарында Ирада Зейналова жана Евгений Поддубный, Александр Коц бар.
RT телеканалы Khaled Alkhateb International Memorial Awards сыйлыгын RT Arabic менен кызматташкан 25 жаштагы журналист Халед аль-Хатыбдын ысымына арнап негиздеген. Ал 2017-жылы Сириянын Хомс провинциясындагы согушкерлердин ракеталык аткылоосунда курман болгон. Халед өз репортаждарында Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен террорчулардын ортосундагы согушту чагылдырган. 2018-жылы Россиянын президенти Владимир Путин Халед аль-Хатыбды Эрдик же Каармандыгы үчүн медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул медаль маркум журналисттин ысымындагы сыйлык тапшырылган алгачкы салтанатта анын үй-бүлөсүнө берилген.
Стенин-2023 сынагы: онлайн добуш берүүдө индиялык эмгек жеңишке жетти