БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Баткенде кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата чыгарылган беш китептин бет ачары болду.
Улуу ойчулдун эмгектерин түбөлүк сактап калуу жана жайылтуу максатында "Китеп дүйнөнү жарык кылат" деп аталган иш-чара Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган.
Аземге президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде уюштуруу тобунун жетекчиси Нышанбек Кочкоров, президентке караштуу "Мурас" фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана жарык көргөн китептердин авторлору катышкан.
Мааракеге карата басылган китептердин аталышы жана авторлору:
"Молдо Нияз алгачкы агартуучу" — педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов;
"Молдо Нияз алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын" — журналист Адылжан Жажанов;
"Молдо Нияз. Улуттук татыктуулук үчүн күрөш" — акын, жазуучу, тарыхчы жана публицист Муса Сапаев;
"Молдо Нияз алгачкы агартуучу" — Ош педагогикалык гуманитардык институтунун ректору Бекмурза Зулуев жана ОшМУнун доценти Мисирали Колдошов;
"Санат дигарасттар" — түркология илимдеринин доктору Гүлзада Нурмаматова.