Министрлик жарандарды кан донору болууга чакырды. Жол-жобосу

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча канга болгон муктаждыкты камсыздоо үчүн миң адамга 40 донор туура келиш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан баштап 60 жашка чейинки жарандарды кан тапшырып, донор болууга чакырды.
Мекеменин билдирмесинде айтылгандай, кан тапшырууну каалагандар Бишкек, Ош, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Талас, Кара-Балта жана Баткен шаарларындагы Кан борборуна барышы керек. Келген адамдын жанында паспорту, айдоочулук күбөлүгү же аскердик билети болушу шарт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча канга болгон муктаждыкты камсыздоо үчүн миң адамга 40 донор туура келиш керек. Министрлик Кыргызстанда миң адамга болгону 5,5 донор туура келерин белгиледи. Статистика боюнча дүйнөдө ар бир үчүнчү адамга өмүрүндө жок дегенде бир жолу донордун каны керек болот.
Кан тапшыруунун жол-жобосу:
Кан борборуна келгенден кийин биринчи каттоого алынасыз;
андан кийин резус-фактор жана кандын тобун аныктоо үчүн анализ алынат;
медициналык кароо жүргүзүлүп, андан кийин кан тапшырууга уруксат берилет;
донор кан тапшырар алдында ага акысыз тамак берилет;
кан тапшыруу процедурасы. Тапшырылган кандын стандарттуу көлөмү – 450 мл.
Кан тапшырууга кантип даярдануу керек?
кан берүүдөн 48 саат мурда алкоголь ичпеш керек;
процедурага чейин 72 саат бою курамында аспирин жана анальгетиктер бар дарыларды ичкенге болбойт;
кан бергенге чейин 24 саат ичинде майлуу, ачуу, ышталган, сүт азыктарын жана жумуртка жегенге, кофе ичкенге тыюу салынат;
ал күнү эртең менен жеңил тамактанып, кан алар алдында таттуу чай ичүү кажет;
кан тапшырар алдында бир саат мурун чылым чегүүгө болбойт.
Гемоглобинди көтөрө турган беш азыктын тизмеси