Биринчи класска барган баланын мектепке көнүп кетишине өбөлгө болчу жагдайлар

Адистин айтымында, адаптация учурунда окуучуга атанын да, эненин да жардамы бирдей керек болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Биринчи класска барган баланын мектепке көнүп кетүүсү андан гана эмес, окуучунун ата-энесинен да көз каранды. Бул тууралуу балдар психологу Ольга Комкова Лента.ру басылмасындагы маегинде айтты.
Адис баланын адаптация болушуна тоскоол болгон ата-эненин каталарын да санап өткөн. Ошондой эле жаңы шартка көнүү процесси баланын мүнөзүнөн, акыл-эсинин жетилгенинен, темпераментинен көз каранды экендиги белгиленген.
Психологдун айтымында, адаптация учурунда окуучуга атанын да, апанын да жардамы бирдей керек болот. Ал эми ата-энеси башкалар менен салыштыра берген, катуу көзөмөлгө алган, окуудагы жетишкендиктерин баалабаган, ар дайым жемелей берген балдар классташтары менен тил табышууда кыйналып, мектепке көнө албай чүнчүйт.
"Биринчи класска кирүү — чоң кадам, бирок мектепте окуу бир күнү бүтө турган процесс, ал түбөлүктүү эмес. Окуучу мектепти бүтүп жатканда дептерге канчалык таза жазганын эмес, ата-энесинин жемесин, бааланбаган мээнетин эстеп калат", — деген Ольга Комкова.
Психолог баланын мектепке адаптацияланышын үч деңгээлге бөлгөн:
Жогорку деңгээл. Бул учурда баланын мектеп менен мугалимге болгон кызыгуусу күчтүү болот. Ал классташтары менен бат тил табышып, өз алдынча окуу менен алектенет.
Ортоңку деңгээл. Бала мектепке, окууга кызыгат. Классташтары менен жакшы мамиледе болот. Бирок тапшырмаларды өзү кызыкканда эле аткарат.
Төмөнкү деңгээл. Адаптациянын төмөнкү деңгээлиндеги бала пассивдүү болот. Мектепке, окууга, ал тургай классташтарына дагы көңүл бурбайт. Окууда жетишпей, тартиби да начарлайт. Ал эми үй тапшырмаларды аткарууда мугалимдин же ата-эненин катуу көзөмөлү керектелет.
Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек