9-августка карата аба ырайы

Жер-жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүү кооптуулугу сакталат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Шаршембиде күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24...+29 жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35 Чолпон-Ата шаарында +27...+29 градус болот.
30 градустан төмөндөйт. Бишкектеги бир жумага карата аба ырайы