БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Шови курорту (Рача аймагы, Грузия) эми жок, ал толугу менен талкаланып, баткактын алдында калды. Бул маалыматты Тбилиси шаарынын мэри айтканын Биринчи канал билдирген.
"Тилекке каршы, жаратылыш кырсыгын саксактап турууга мүмкүн эмес. Трагедия өтө олуттуу. Шови курорту эми жок деп айтса болот, ал толугу менен талкаланып, баткактын алдында калды", — деген Каха Каладзе.
3-августтагы жаратылыш кырсыгынан көз жумгандардын саны 18 кишиге жетти. Дайынсыз болуп жаткан 18 адамды издеп жатышат, алардын арасында балдардын да бар экени кабарланды. Көпүрөлөр талкаланып, Шовиге кирген жолдор бузулган. Кырсык болгондон тарта куткаруучулар 210 адамды эвакуациялады.
Эксперттердин алдын ала чыгарган бүтүмүндө, трагедияга бир нече жаратылыш кубулуштарынын бир учурда болушу себеп.
Адистер аталган курортту 5 миллион метр куб көлөмүндөгү катуу масса басып калганын айтышты. Шови курорту Они районунда деңиз деңгээлинен 1,5 метр бийиктикте жайгашкан.