Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: европалык компаниялар Россияда кеминде 100 млрд. евро жоготту

Украинадагы чатактан, РФке салынган санкциялардан улам энергиянын, башка продукциялардын баасы көтөрүлүп кеткени тууралуу кеп болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Украинада атайын операция башталгандан тарта Европанын ири делген компаниялары Россиянын рыногунда кеминде 100 миллиард евро көлөмүндөгү акчасын жоготту. Бул тууралуу Financial Times жүргүзүлгөн анализдерге таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Басылманын материалында 176 компаниянын "активдери түшүп кеткени, валюталарды алмаштырууда зыянга учураганы жана Россиядагы бизнесинин кыскарып же жабылганынан улам сатуу иштеринде башка дагы чыгым тартканы" байкалганы айтылат.
Анда Украинадагы чатактан жана Россияга салынган санкциялардан улам энергиянын жана башка продукциялардын баасы көтөрүлүп кеткени эске алынган эмес.
Россия Батыш салган жана аны бир нече жылдан бери улам күчөтүп, улантып келе жаткан санкциялык басымды өлкө көтөрүп кете аларын бир нече ирет айткан. Москванын билдирүүлөрүндө санкциялардын көздөгөн максатка жетпей, ийгиликсиз болуп калгандыгын мойнуна алууга Батыштын эрки жетпей жатканы белгиленет. Батыш өлкөлөрүндө да антироссиялык санкциялар майнапсыз экени бир нече ирет айтылган.
Россия президенти Владимир Путин Россияны ооздуктап алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет. Ал белгилегендей, АКШ менен Европанын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоо шартын начарлатуу.
АКШ карызынын айынан инвесторлордун ишеничинен чыгып калчудай... Сереп