Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Эрдоган Путинге Украина боюнча ортомчу болууну сунуштайт

Түрк лидери "согушта жеңген, тынчтык процессинде жеңилген тарап болбойт" деген позициясын айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен пландалып жаткан жолугушууда жаңжалды жакынкы арада токтотуу үчүн Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууну сунуштайт. Бул тууралуу РИА Новости түрк лидеринин администрациясындагы маалымат булактары билдиргенин жазды.
Буга чейин Кремлде Путин менен Эрдоган жакынкы күндөрү кайсы жерде жана качан жолугушууну так аныктап алууга макулдашканы айтылган. Сүйлөшүүнүн күн тартибинде эки тараптуу мамилелер, Украина жана дан келишими турат.
"Президент мырза (Режеп Тайип Эрдоган) жаңжалды жөнгө салууга ортомчу болууну сунуштайт. Ал өзүнүн "согушта жеңген, тынчтык процессинде жеңилген тарап болбойт" деген тезисин кайрадан айтат", — деди маалымат булагы.
Анын айтымында, Анкара кагылышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү баштоону жактайт. Маалымат булагы Эрдоганды Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин чыныгы ишенимине кирген, региондо бейпилдикти орнотууга бар күчүн жумшап, алар менен байланышын үзбөгөн дүйнөдөгү жалгыз лидер деп атаган.
Эрдоган: Түркия Украина чырын колдогондордун бутасына айланды