Балага 1-классты аяктамайынча эч кандай курстун кереги жок экенин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала ойной турган маалында ойногону анын келечеги үчүн маанилүү.
"Азыркы кезде ата-энелердин көбү ийгиликтүү болсун деп балдарын бала бакчага барып жаткан кезинен эле ар кандай курстарга жаздырып жатат. Бул психологиялык жактан алып караганда туура эмес. Анткени баары өз учурунда болгону дурус. Бала бакчага барып жаткан бала үчүн бул оюнга тойбой турган кез болот, демек, кошумча курстарга барбай эле ойногону жакшы. Бала ойной турган маалында ойношу керек. Ата-энелер уул-кыздарын, менимче, 1-класстан кийин курстарга берсе туура болот. Анда дагы жүк артып, бир нече ийримдерге жаздырып салбаш керек. Себеби бала бир эле учурда көп нерсени кабыл алганда бат эле кызыгы тарап, кийинчерээк окууга болгон дилгирлиги таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн. Тажрыйбамдан да мындай көрүнүштөргө күбө болуп келе жатам", — деди психолог.
Ал айрым адамдардын чоңойсо деле ойногонду жакшы көргөндүгүн бала чагында оюнга тойбой калгандыгы менен байланыштырды.