Абадан немецтик учакты сүзүп, аман калган советтик лейтенант. Тарыхты эскерген видео

Асмандан таран жасоо аскердик уставда каралган эмес, тагыраагы, командир адатта мындай буйрук бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кенже лейтенант Виктор Талалихин "И-16" асманда жүргөндө ок-дарысы түгөнүп калгандан кийин соңку чечимин кабыл алып, "Хейнкель 111" бомбалоочу учагын сүзгөн.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы маалымдады.
Анда советтик аскердин колунан душмандын учагынын төрт экипажы көз жумган. 4500 метр бийиктикте, Подольскинин асманында, көктө жасалган түнкү бул тарандан кийин советтик аскер, бактыга жараша, аман калган.
Адамды кайдыгер калтырбаган бул окуя 1941-жылы 6-августтан 7-августка караган түнү болгон. Талалихин учак кулап бара жатканда секирген. Абада 800 метрдей ылдыйлап баргандан кийин гана парашюту ачылган.
Асмандан таран жасоо аскердик уставда каралган эмес, тагыраагы, командир адатта мындай буйрук бербейт. Ушул сымал кырдаал жаралганда аскерий учкучтар өздөрү чечим кабыл алып, тобокел деп соңку кадамга барышчу.
Улуу Ата Мекендик согуш маалында советтик учкучтар 600дөй ирет бул ыкманы пайдаланганы айтылып келет.
Таран ыкмасын пайдалангандардын арасында Советтер Союзунун Баатыры Ысмайылбек Таранчиев да бар. Ал соңку күндөрүндө Ленинград фронтуна туш келип, күнүнө 30-35 жолу кан күйгөн согуш талаасына учуп чыгып турган. 1944-жылдын 18-мартында кезектеги аскердик тапшырманы аткарганы "Ил-2" менен асманга көтөрүлгөндө душмандын огу тийген. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына бурган. Ал жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "командир, акырына чейин сени менен болом. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган.
Өлөрүн билип душманга бет алып... Эрдиги архивден табылган Ысмайыл Таранчиев