8-августка карата аба ырайы

8-августка караган түнү жер-жерлерде жааган нөшөрлүү жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 8-август, шейшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас өрөөнүндө +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл аймагында +26...+31, Нарын жергесинде +24...+29 градус жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күндүз кыска убакытка өткүн өтүшү мүмкүн. Күндүн табы +30...+32 градуска жетсе, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаап, +27...+29 градус жылуу болот.
30 градустан төмөндөйт. Бишкектеги бир жумага карата аба ырайы