Мультфильмдин каармандарын сүйлөткөн Айнаш Аширова: милиционер болууну самагам

30 жылдан бери балдарга арналган контентте бир катар эмгектерди жасап, ар кандай мультфильмдерди кыргызчалап, үн коштоодо Айнаш Ашированын эмгеги зор. Азыр да талбай эмгектенип жаткан учуру.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр жана котормочу Айнаш Аширова болду. Биз анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
— Бала чагыңыз, туулган айылыңызды эскерип маекти баштасак...
— Мен Каракол шаарында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Мектепке чейин айылда чоң энемдин колунда тарбияландым. Кийин окуганда Фрунзеге ата-энемдин колуна келдим. Атамдын бир тууганы Дүйшөкенин Аскен аттуу байбичеси бар эле. Анда жаш, шайдоот кези. Биздин курсагыбызды тойгузуп, кийимдерибизди жууп, тарбиялады. Ушул убакка чейин ал кишини аябай сыйлайм, колунан көп даам сыздык. Өзү да боорукер болчу. Кийин атам Караколдо обкомдо иштеп калды. Мектепте окуп жүргөндө эле ырдап-бийлеп конкурстарга көп катышчумун. Ошондон улам да маданият кызматкери болуп калдым окшойт. Бирок кичинемден эле "милиция болом" дечүмүн. Тергөөчү болууну кыялдангам. Юрфакка тапшырайын деп жүрсөм эле РИИБде партиянын мүчөлөрүнө тандоо болуп калды. Нарындан келген Жумамүдүн Шералиевдин Гүлнара аттуу кызы экөөбүз өтүп кеттик. Алгач патрулдук кызматка бөлгөн. Аябай сүйүнүп сүрөткө түшкөнүбүз эсимде. Атама айтсам "кереги жок, сен кичинекейсиң, боорукерсиң. Милицияга жүрөгү катуу киши керек" деп такыр болбой койду. Ортодо операция болуп калдым. Бир айдан соң ооруканадан чыгып барсам, "денеге бычак тийгенден кийин жарабай калдыңыз" деп албай коюшту. Ошону менен кетип калдым. Өкүнүчүм ичимде. Андан кийин азыркы Муса Жангазиев атындагы театрга келип куурчак ойнотуп иштеп жүрдүм. Ошол жерден тажрыйба топтоп, жаңы форматтагы "Кечки жомок" деген берүү иштеп чыккам. Андан кийин "Бөбөк, сенин жомогуң" долбоорун жазып, "Учур" театрынын коштоосу менен сахнадан тартып балдарга көргөздүк.
— Ошону менен театрдан телевидениеге кирип калдыңызбы?
— Ооба, 1994-жылдар болчу. Россиянын "Ералаш" сериалынын негизинде "Аралаш" деген балдар берүүсүн тартканбыз. "Эмне үчүн мультфильмдерди орус тилинде беребиз, кыргызчалашыбыз керек" деген демилге көтөрүп "Ну, погоди" мультфильмин котордук. Анда коёндун үнүн туурагам. Ушундан улам Орозбек Мусакеев агай котормо студиясын ачты. Алгач "Беш тыйын" деген мультфильмди алдык, анда 4-5 каарман бар экен. Ар түрдүү үндөр менен өзүм үн коштогонго аябай аракет кылдым. Угуп көрсөм жакты. Ошо менен кичинекей айбанаттардын үнүн туурап баштагам. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей, телевидениеде жөндөмдүүлүгүм менен иштеп кеттим. Бир чети таланттуу адамдар деле көз жаздымда калып жатат. Мени элге тааныткан гезит, сайт, радио-телевидениедеги кесиптештер болду. Ошолор эмгегимди элге чыгарып, маектешүүгө чакырып турушту. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алышыма да элдин сыйы түрткү болду.
Айнаш Аширова: "милиция болом" дечүмүн. Тергөөчү болууну кыялдангам. Юрфакка тапшырайын деп жүрсөм эле РИИБде партиянын мүчөлөрүнө тандоо болуп калды. Өтүп кеттим. Алгач патрулдук кызматка бөлгөн.
— Канчалаган мультфильмдерди которуп, айбанаттардын үнүн коштодуңуз. Бул талантыңыз кичинеңизде эле бар беле?
— Кичинемде жөжөлөрдү, итти, күчүктү артынан кууп алып, алардын үнүн өзүндөй туурачумун. Чоң энем бир жолу аш үйдө жүрсө ит кошо кирип кетиптир. Аны апам чаап жибердиби, айтор, байкуш аябай кыңшылап ыйлап жиберди. Мен акырын жанына басып барып итти туурасам чоң энемдер "так эле окшоштурдуң го, ботом" деп аябай күлгөн. Жаңы туулган козуларды энесинен бөлгөндө бакырып маарашат. Козунун маараганын, баканын чардаганын да туурай берчүмүн. Кийин "Беш тыйын" мультфильминде ар түрдүү жандыктардын үнүн коштогондо өзүмө ишеним пайда болду.
Лира Айтимбетова деген продюсерибиз бар эле. Бир ирет ал мени редактор болууга жаштар каналына чакырды. Макул болдум. Телевидениеге алгач киргенде жолго акчам жок, Чыгыш–5 кичирайонунан КТРКга чейин жөө барчумун. Маяна алгыча бир ай жөө каттадым. Жумуштан чыгып кызыма барып, аны мектептен алып, анан үйгө жөө барам. Троллейбус, автобустагы адамдар көзүмө бактылуу көрүнүп, суктанып койчумун (күлүп). Акыры аябай кыйналганда Лирага акырын айтсам, "эже, эмнеге айтпайсыз" деп урушуп 200 сом берди. Ал кезде 200 сом чоң акча болчу. Аябай сүйүнүп үйгө маршрутка менен кеткем.
— Режиссёрлук пультка кандайча отуруп калдыңыз?
— Көптөгөн мультфильмдерде үн коштоп жүрүп баарын билип алдым. Өзүм жаздырып, монтаждап эфирге берчүмүн. Кандай окуу керектигин да, ыкмаларын да өздөштүргөм. Мультфильмди көрүп эле кайсы персонажга кайсы артисттин үнү дал келерин билем. Ошого жараша ылайыктап, артисттерди чакырам. Кээде үнү туура келбесе дароо эле акырын айтам. Нурдөөлөт Копоевдин үнү ар тараптуу, бардык жакка туура келет. Таланттуу жигит. Ушундай тажрыйбалардан улам режиссёр болуп калдым.
— Ал эми үнүңүздү кантип сактайсыз?
— Көбү ушуну сурашат. Мен үндү кастарлап бакпайм. Муздак, ысык деле иче берем. Болгону көмөкөй менен иштөөнү жакшы үйрөнгөм. Көптөгөн шакирттерим бар. Алды бала-чакалуу болуп калышты. Үйлөнүү тоюна чакырышат. Азыр ар кайсы тарапта, чет мамлекетте да иштеп жүрүшөт.
Айнаш Аширова: Көптөгөн мультфильмдерде үн коштоп жүрүп баарын билип алдым. Өзүм жаздырып, монтаждап эфирге берчүмүн. Кандай окуу керектигин да, ыкмаларын да өздөштүргөм.
— Коңшулар балдар үчүн контентти жалаң эне тилинде жасап жатышат. Бизде эмне үчүн бул жагы колго алынбай келет?
— Мурда мультфильм тартуучу кадрлар бар эле. Иш токтоп калганы алар кетип калышкан. Ата мекендик мультфильмдерди тартууну мен да кыялданам, ойлоном. Даяр сценарийлерим бар. Бирок буга көп каражат керек экен. Жабдыктарын Москвадан алып келүү кажет. Мунун баары чоң суммадагы акча. Ошентсе да бел байласамбы деп кетем. Которгондо кичинекей балдарга тарбиялык мааниси барларын гана тандап алуу керек. Кээде эптеп-септеген мааниси жок мульфильмдер да келип калат. Учурда өзүм да үн жаздыруу, котормо студиясын ачып иштетип жатам. Башка телевидениеден да котормолор келет. Аларды даярдап берем.
— Чыгармачыл чөйрөдө көрө албастык көп болот дешет. Бут тосууларга кабылдыңызбы?
— Ооба, мурда көп байкабаптырмын. Акыркы учурда таң калып жүрөм. Бир адамга күлүп жакшы сүйлөп туруп, нары барып башкача сүйлөгөндөрдү кинодон көрчүмүн. Бирок биздин арабызда деле бар турбайбы. Адамга жамандык кылгандар болот экен. Башымдан өтүп калды. Эстесем ыйлагым да келип кетет. Алардын айынан тамчылама ийне алып, дарыланган да учурларым болду. Боорукер адамдар баарын жүрөккө жакын алат окшойт. Кызым да (Асланайым Аширова — ред.) маданият тармагында иштейт. Ал да аябай боорукер. Көчөдөн кайырчы кемпирлерди, балдарды көргөндө ыйлап да келчү. Бир ирет машина айдап келе жатсам жолдун ортосунда кайыр сураган бир улгайган аялды көрүп калдым. Элди тик карай албай жоолугун баса салынып алып бүшүркөйт. Колумдан келген акчамды бердим да, үйгө келгиче ыйлап келдим. "Байкуш аялдын балдары эмнеге бакпайт, эмнеге минтип калды экен" деп ар кандай ой жорудум. Мектеп жашындагы балдарды билим алуудан калтырып кайыр суратышат. Бир ирет кичинекей кыргыз бала кыштын кыраан чилдесинде жыртык байпак менен кытайдын шлёпкасын кийип алып кайыр сурап турат. Баланын бутун көрүп жүрөгүм канады. Жакынкы дүкөнгө кызымды чуркатып бут кийим, жылуу байпак алдырып кийгиздим. "Бара гой, балам, үйүңө бар" дегенге араң жарадым. Көчөдө токтоно албай ыйлап келе жатсам кызым "мама, эл карап жатат" дейт. Көпкө чейин өзүмө келе албай койдум. Ушул кенедей балдардын тагдырына кейийм.
Айнаш Аширова менен Адыл Абдувахитовдун кызы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асланайым Аширова
— Кызыңыздын атасы Адыл Абдувахитов да таланттуу, чыгармачыл адам экенин билебиз. Кийин жеке жашооңузду да чектеп, убактыңызды бүтүн ишке арнадыңызбы?
— Биринчи жолдошум менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин эле оюмдун баары "кызымды кантип чоңойтом" менен болду. Шүгүр, эч нерседен кем кылбадым. Аял жаман кийинип турса да, жанындагы баласы жакшы кийинсе баарын жаап коёт. Мен дайыма ушинтип ойлочумун. Айлык алар менен кызымдын башынан аягына чейин кийиндирдим. 3-4 айынан баштап колумдан түймө түшпөй, ар кандай кийимдерди токуп берчүмүн. Анан короодо чаң-будуң болуп секирип жүргөн балдарды көрүп, "жок, мен кызымды убакыт-сааты менен ойнотушум керек" деп ар кандай ийримдерге бердим. Ошентип музыкалык мектепке мага айтпай барып, экзаменден өтүп келиптир. Китепти колунан түшүрбөй окуду. Кызым менен сыймыктанам, бардык кыйынчылыктарды жеңип келе жатат.
— Кызыңыз маектеринде "апам атам жөнүндө эч качан жаман айткан эмес" деп жакшы гана сөздөрдү айтат...
— Ооба, атасы жакшы, акылдуу, таланттуу инсан. Убагында ортобузда таарыныч болгондур, бирок кызыма атасын баары бир жамандабайм. Анда бала да жаман көрүп калат. Жашоодо тирүү күйөөсүн балдарына "өлгөн" деп койгон энелерди көрдүм. Кандай болсо да антип айткан туура эмес. Мунун баары балага тарбия. Азыр кызым атасын аябай жакшы көрөт. Атасы Жалал-Абаддан келдим дегенде эле машинасын айдап алып жүгүрөт.
Кырсыктаганда айланамдагы көп адамдар иргелди. Залина Касымованын маеги