А. Жапаров Миң-Кушка рекультивация маселеси боюнча барды. Сүрөт

Өкмөт башчы учурда Нарын облусунда иш сапар менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уулуу калдыктарды сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта учурда уран калдыктарын "Туюк-Суу" уулуу калдыктарды сактоочу жайдан “Дальнее” жайына которуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгы айтылат.
Буга чейин 13-июлда президент Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, утилге чыгаруу жана жоюу боюнча тынчсызданууларын уккан. Ал рекультивациялоонун бардык эрежелери сакталарын айткан.
“Буга байланыштуу Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри баш болгон тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин жеринде көрүп чыгып, анын жыйынтыгында бир катар тапшырмаларды берди”, — деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, рекультивациялоо иштерин Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзүүдө.
Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайын рекультивациялоо башталды