Омор Султановдун бейитине эстелиги коюлду

Султанов өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. "Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл акыны, ll жана lll даражадагы Манас орденинин ээси, залкар акын Омор Султановдун эстелиги ачылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
"Бүгүн биз кыргыздын залкарларынын, анын ичинде адабият алпы Омор Султанов агабыздын сөөгү жаткан жайда акындын эстелигин ачып жатабыз. Акындын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталып, чыгармалары кылымдардан-кылымдарга окулуп, ырдалып, даңазалана берет деген терең ишеничтемин", — деген эстеликти ачууга катышкан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.
Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" чыгармаларынын, "Улуу дайра", "Аралдар арасында", "Мухитке жол" китептеринин автору. Султанов — кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.
Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар. "Кыргызфильм" киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип "Ак куулар конгон айдың көл" аттуу көркөм тасма жана "Төкмө", "Жазуучу" деген даректүү фильмдер тартылган.
Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 87 жаш курагында дүйнө салган.
Таптырбай кеткен тагдырлуу акын. Тургунбай Эргешов тууралуу 12 факт